BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Кытай Кашкар шаарында Covid-19 вирусун аныктоочу тестти жапырт өткөрөт

Кытай Шинжаң аймагындагы Кашкар шаарында коронавирусту аныктоочу тестти жапырт өткөрөт. Кашкарда 138 кишиден вирус аныкталды. Эми 4,7 миллион калкы бар шаарда жапырт тестирлөө болот.

“Опурталдуу жол”: Саясий кризистен - конституциялык кризиске

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтү жана конституциялык реформа боюнча саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш күчөдү. Мөөнөтү бүтүп жаткан парламент шайлоо мөөнөтүн жылдырганга жана конституциялык реформа жасаганга укугу жок деп “Реформа” партиясы Конституциялык палатага кайрылды. Ошол эле убакта конституциялык талашты Жогорку Сот дагы караган жатат.

Башаламандык учурунда кыргыз экономикасы 8 млрд сомдон ашык зыян тартты

Бизнес ассоцияциялардын улуттук альянсы соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 10-октябрга чейин 8 млрд сомдон ашык зыян тартты дейт. Инвесторлор менен түзүлбөй калган келишимдерден 210 млн доллар өлкөгө түшпөй калганын билдирди.

Коронавирус: Кыргызстан экинчи толкунга даярбы?

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус дагы 420 кишиден аныкталды. Бишкек шаары жана Жалал-Абад  облусу оорунун жайылышы боюнча алдыга чыкты.

2025-жылга чейин жумуш орундардын жарымы автоматташтырылат

Дүйнөлүк экономикалык форумдун баяндамасына ылайык, 2025-жылга чейин заводдогу иштердин жарымы автоматташтырылат. Бул жакырчылыкка түрткү болушу ыктымал.

Аман калгандардын баяны: Ооганстандагы зомбулук менен кан төгүүнүн аптасы

Ооганстанда өкмөт өкүлдөрү менен “Талибан” кыймылы тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантып жаткан кезде салгылашуулар тынымсыз уланып келүүдө. Анын кесепети жайкын тургундарга тийип жатат. Өткөн аптада эле жаңжалда жүздөн ашуун жөн жай тургун каза тапты. Би-Би-Си алардын окуяларына токтолот.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

  • А.Баетов: ЖК чечимдерине Конституциялык палата баа берсин

    Референдум өткөрүү пикири элди экиге бөлдү. Баш мыйзамды эл каалагандай кылып өзгөртүү сөзсүз керек, бирок мамлекет адегенде баш-аягын жыйып, легитимдүү жолго түшүп алыш керек. Баш мыйзамдын жаңы долбоору шашпай жарандар менен макулдашылыш керек. Мындай оюн юрист Аяз Баетов билдирди.

  • Беларус: Оппозиция жапырт иш таштоого чакырды

    Беларустун оппозициячыл лидери Светлана Тихановская дүйшөмбү күндөн тарта жапырт иш таштоого чакырды. Буга полициянын демонстранттарга каршы кулак тундурган граната колдонгону жана оппозициянын талаптары аткарылбаганы себеп болду.

  • Covid-19 вирусунун узакка созулган түрүнө кимдер кабылат?

    Соңку изилдөөгө ылайык, карыялар, астмасы, ашыкча салмагы бар кишилер жана аялдар арасында Covid-19 вирусунун узакка созулган түрүн жуктуруу ыктымалдуулугу жогору.

  • Орусия: Кыргызстандагы абалга кийлигишпейбиз

    Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев бүгүн Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда. Казакпаев буга чейин ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугуп, Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалды талкуулады.

  • Ж. Турдукожоев: Садыр Жапаров президенттикке аттанам десе, анын укуктук жолу бар

    Кыргызстанда бийлик башына келген Садыр Жапаров эгер мыйзам жол берсе, президенттикке талапкерлигин коерун билдирди. Анткен менен ал азыр премьер-министр катары президенттин милдетин аткаруучу уболуп турганда, Конституция боюнча президенттикке талапкер болуп катыша албайт. Бирок анын шайлоого барышына башка укуктук жолдор бар деди Би-Би-Сиге БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев.

  • Тоолуу Карабах: эки тарап ок чыгарбоого макул болду

    АКШ ортомчу болгон сүйлөшүүлөрдө Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабах аймагында ок чыгарбоого макул болду. Келишим дүйшөмбү күнү күчүнө кирди.

  • "Эл жаңыланууну талап кылууда": талашка түшкөн шайлоо мыйзамы

    Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.

  • УКМК кармаган Камчы Көлбаев ким?

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүү таратып, уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) кармалганын кабарлады.

  • Баяндаманы талдоо

    Жакшыны жакшы деп, жаманын түшүндүрүп туруу, кабарчынын чыгармачыл өнүгүүсүнө шык берет.

  • Өзгөчөлүү журналистика

    Биз жазган материалыбызга оригиналдуулук алып келүү үчүн журналисттик иликтөөлөр жана түшүнүктүү, жеңил жазуу ыкмаларын өздөштүрсөк болот. Социалдык медиа жана коммуникация өнүккөн заманда бул өзгөчө маанилүү.

  • Көз карандысыздык

    Ишенимге ээ болуш үчүн көз каранды эмес болууңуз шарт. Аудитория алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билиши керек.